Ошто муниципалдык ипотекалык ишкана 9 кабаттуу үйдүн курулушун баштады

Ошто муниципалдык ипотекалык ишкана 9 кабаттуу үйдүн курулушун баштады.

Жергиликтүү мэриянын маалыматына ылайык, жаңы турак жайга капсула салынды.

Долбоордун алкагында батирлер толугу менен бүткөрүлүп, башкача айтканда үйдүн ички ремонту, тиешелүү тутумдарга кошуу иштери толугу менен аткарылат.

106 батирлүү үй 2024-жылдын апрель айында пайдаланууга берилет деп күтүлүүдө.

Анын бир чарчы метри 39 миң 525 сомду түзөт.

Белгилеп кетсек, бул Ош мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы тарабынан ишке ашырылып жаткан бешинчи долбоор.