Парламент министрлик кызматка талапкерлерди колдоду

Жогорку Кеңеш төрт министрликке сунушталган талапкерлерди дайындоо боюнча токтом долбоорун жактырды.

Тилек Текебаев — транспорт жана коммуникациялар министринин, Алтынбек Максутов — маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин, Уланбек Мамбетакунов — билим берүү жана илим министринин, Таалайбек Ибраев — энергетика министринин кызматына талапкерлер.

Аларды депутаттарга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тааныштырды.

Президент Садыр Жапаров 3-октябрда төрт министрди кызматтан бошоткон.

Президенттин басма сөз кызматы транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов берген арызына ылайык ээлеген кызматынан алынганын билдирген.

28-сентябрда билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев пара алууга шек саналып кармалган.

Мурдагы энергетика министри Доскул Бекмурзаевге Башкы прокуратура «кызмат абалынан кыянат пайдаланууга» байланыштуу эки кылмыш ишин козгогон.