Президент Жапаров Орусиядагы КМШнын бейрасмий жыйынына барбайт

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда Санкт-Петербургдагы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин лидерлеринин бейрасмий жыйынына барбайт.

Бул маалыматты тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев «Азаттыкка» ырастады.

Бейрасмий жыйында Россия менен Тажикстандын президенттеринин 70 жылдык мааракеси белгиленип, аймактагы туруктуулук, коопсуздук маселелери талкууланары пландалганын орус маалымат каражаттары жазып чыккан.