Кыргызстан менен Азербайжан ортосунда түз аба каттамы ачылат

Кыргызстан менен Азербайжан ортосунда түз аба каттамы ачылат.

Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргызстан менен Азербайжан өкмөттөрүнүн ортосунда аба катнашы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо» тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары Тимур Аскаровдун айтымында, эки тараптуу саясий, экономикалык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү маанилүү фактор болуп эки мамлекеттин ортосунда түз аба байланышын түзүү эсептелет.