Кыргызстанда жыл ичинде 40ка жакын жаңы мектеп ачылды

Кыргызстанда жыл ичинде 40ка жакын жаңы мектеп ачылды. Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдиргендей, былтыркы жылдын октябрынан баштап бүгүнкү күнгө чейин мектептердин саны өлкө боюнча 2 миң 296дан 2 миң 333кө жетти. Ал кошумчалагандай, учурда мектептерде 1 миллион 400 миңден ашык… Кененирээк…

Баткендин жабыркаган райондорунда банктар штаттык режимде иштеп жатат

Баткен облусунун бардык райондорунда жана шаарларында банк системасы кадимки режимде иштеп жатат. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 14-17-сентябрда болгон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан улам талкаланган, талап-тонолгон, өрттөлгөн кээ бир сактык кассалар кайрадан ордуна келтирилип, өз ишин баштады, жабыркаган имараттарды… Кененирээк…

Көлдө «Бир айыл – бир продукт» долбоорунун окуу борбору ачылды

Караколдо «Бир айыл – бир продукт» долбоорунун өндүрүштүк окуу борбору ачылды. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлигинен билдиришти. Белгиленгендей, БАБП долбоору өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө, айыл жеринде аялдардын ролун жогорулатууга көмөктөшүү жана экспорттук потенциалды кеңейтүүгө көмөктөшүүгө олуттуу салым кошот. «Борбор бир гана өндүрүш цехи эмес, Ысык-Көл… Кененирээк…

Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери уланууда

Биринчи май районунун аймагындагы Мурас-Ордо жаңы конушунда өз билемдик менен курулган курулуштар бузулду. Бул туралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди. Бузуу иштерин Көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы, Биринчи май акимиаты, «Тазалык» ишканасы менен биргеликте жүргүзүүдө. Маалыматка ылайык. бул багытта иштер улантылат.

Ош облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 17-октябрда түнкү саат 21:37де катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен. Жер титирөө Чоң-Алай районунун Шибээ, Карамык жана Кара-Тейит айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Андан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

WhatsAppта көптөр күткөн жаңы функция пайда болот

WhatsAppта көптөр күткөн жаңы функция пайда болот. Эми мессенджерди колдонуучулар буга чейин жөнөтүлгөн билдирүүлөрдү түзөтө алышат. Маалыматты түзөтүү функциясы учурда Android үчүн WhatsAppтын бета версиясында жеткиликтүү. Смстин мазмунун ал жөнөтүлгөндөн кийин 15 мүнөттүн ичинде гана өзгөртүүгө болот, андан кийин мындай мүмкүнчүлүк болбойт. Эгер билдирүүнүн тексти… Кененирээк…

Талас шаарында 60 батирлүү социалдык шаарча курулду

Талас шаарында 60 батирлүү социалдык шаарча курулду. Жергиликтүү мэриянын маалыматына ылайык, 15 турак жай аз камсыздалган үй-бүлөлөр үчүн пайдаланууга берилди. Ар бир батирде үч бөлмө, өзүнчө жуунуучу жай, от жаккан жер жана атайын тосулган короосу бар. Бардык батирлер тийиштүү эмеректер жана кир жуугуч, газ плитасы… Кененирээк…