Талас шаарында 60 батирлүү социалдык шаарча курулду

Талас шаарында 60 батирлүү социалдык шаарча курулду.

Жергиликтүү мэриянын маалыматына ылайык, 15 турак жай аз камсыздалган үй-бүлөлөр үчүн пайдаланууга берилди.

Ар бир батирде үч бөлмө, өзүнчө жуунуучу жай, от жаккан жер жана атайын тосулган короосу бар.

Бардык батирлер тийиштүү эмеректер жана кир жуугуч, газ плитасы менен жабдылган.

Белгилеп кетсек, курулуш араб коомдук бирикмеси тарабынан каржыланды.