Баткендин жабыркаган райондорунда банктар штаттык режимде иштеп жатат

Баткен облусунун бардык райондорунда жана шаарларында банк системасы кадимки режимде иштеп жатат.

Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-17-сентябрда болгон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан улам талкаланган, талап-тонолгон, өрттөлгөн кээ бир сактык кассалар кайрадан ордуна келтирилип, өз ишин баштады, жабыркаган имараттарды калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

«Ал эми Лейлек районунун Борбордук, Коргон, Интернационал айылдарында жана Баткен районунун Ак-Сай айылында жайгашкан төрт банкомат иштей элек.

Бул банкоматтарды ордуна келтирүү иштери жүрүп жатат.

Учурда Баткенде пенсия, жөлөк пул өз убагында берилүүдө.

Бүгүнкү күнгө карата Баткен облусунун аймагында накталай акча менен камсыз кылуу жетиштүү денгээлде», — деп айтылат маалыматта.