Кыргызстанда жыл ичинде 40ка жакын жаңы мектеп ачылды.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдиргендей, былтыркы жылдын октябрынан баштап бүгүнкү күнгө чейин мектептердин саны өлкө боюнча 2 миң 296дан 2 миң 333кө жетти.
Ал кошумчалагандай, учурда мектептерде 1 миллион 400 миңден ашык окуучу билим алууда.
Өлкөдө кыргыз тилдүү 1 миң 399, орус тилдүү 247, өзбек тилдүү 28 жана тажик тилдүү 3 мектеп бар.