Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 17-октябрда түнкү саат 21:37де катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.
Жер титирөө Чоң-Алай районунун Шибээ, Карамык жана Кара-Тейит айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Андан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.