Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери уланууда

Биринчи май районунун аймагындагы Мурас-Ордо жаңы конушунда өз билемдик менен курулган курулуштар бузулду.

Бул туралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Бузуу иштерин Көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы, Биринчи май акимиаты, «Тазалык» ишканасы менен биргеликте жүргүзүүдө.

Маалыматка ылайык. бул багытта иштер улантылат.