Көлдө «Бир айыл – бир продукт» долбоорунун окуу борбору ачылды

Караколдо «Бир айыл – бир продукт» долбоорунун өндүрүштүк окуу борбору ачылды.

Бул тууралуу Экономика жана соода министрлигинен билдиришти.

Белгиленгендей, БАБП долбоору өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө, айыл жеринде аялдардын ролун жогорулатууга көмөктөшүү жана экспорттук потенциалды кеңейтүүгө көмөктөшүүгө олуттуу салым кошот.

«Борбор бир гана өндүрүш цехи эмес, Ысык-Көл облусунун жергиликтүү жашоочулардын өндүрүштүк жөндөмдөрүн үйрөнүүгө жана жогорулатууга мүмкүнчүлүк алган окуу борбору.

2017-жылдан тарта Ысык-Көл БАБП модели өлкөнүн бардык аймактарына жайылтылып келет.

Бул жакка башка аймактардын өндүрүшчүлөрү да таанышуу сапарына келип, борбордо окуудан өтүшөт дегенди билдирет», — деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн: Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 2-сентябрындагы буйругуна ылайык, Экономика жана соода министрлиги Кыргызстандын бүткүл аймагында «Бир айыл – бир продукт» долбоорун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун катчылыгы жана координациялоочу органы болуп саналат.