Чыңгыз Айдарбековдун ордуна Улан Примовдун талапкерлиги сунушталууда

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагалыгына Улан Примовдун талапкерлиги сунушталууда.
Учурда аны шайлоого даярдык көрүлүп жатат. Добуштар жабык түрдө берилет.
Примов Алай округунан шайланып келип, «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясына кирген. Бир жылдай вице-спикер болуп иштеп, жакында кызматын тапшырган болчу.
Комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбековду ишеним көрсөтпөө менен бүгүн кызматтан алышкан.