Rolls-Royce компаниясы алгачкы электр унаасын тартуулады

Rolls-Royce компаниясы алгачкы электр унаасын тартуулады. Ал ашкере байлыктын жана алдыңкы технологиялардын айкалышы. Узундугу 5 метрди түзгөн салондун салмагы дээрлик 3 тоннага жетет.

 

Электр кубаты менен жүргөн унаанын максималдуу ылдамдыгы саатына 100 чакырым жана ал бир кубатталса, 500 чакырымга чейин жүрө алат. Электрокардын болжолдуу баасы – 400 миң доллар. Ал кийинки жылы сатыкка чыгарылат.