RestPoint эс алуу түйүндөрүндө электр унаалар үчүн кубаттагычтар орнотулат.
Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, алгач мындай станциялар 8 жерде пайда болот – Кемин, Кажы-Сай, Нарын, Талас, Сосновка, Ош, Баткен жана Кара-Көлдө. Кийин кубаттагычтар өлкөнүн бардык RestPoint түйүндөрүндө орнотулат.
Эске салсак, учурда аталган эс алуу түйүндөрү туристтик каттамдарда, ошондой эле Нарын, Талас, Ысык-Көл, Ош, Кара-Көл, Жалал-Абад жана Өзгөндүн трассаларында курулуп жатат.