Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк жана Кубакы ашуулары кыймылга ачык. Бул тууралуу Novosti.kgге Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Буга чейин айрым чектөөлөр киргизилген Бишкек – Нарын – Торугарт жана Бишкек – Ош трассалары аркылуу унаалардын бардык түрү эч тоскоолдуксуз өтүп жатат.
Бир гана Жалал-Абад – Казарман унаа жолу кыймылга жабык, учурда анда кар тазалоо иштери жүрүп жатат.