Бишкекте мыйзамсыз салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду

Курулуш компанияларынын бири Бишкекте көп кабаттуу үйдү мыйзамсыз салып жатканы аныкталып иши токтотулганын Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттиги кабарлады.

 

Маалыматка караганда, объект Медеров көчөсү 74, 76, 78 дарегине салынып башталган. Мамлекеттик агенттик котлованды казуу иштерине тыюу салган.
«Айтылган объект боюнча курулуш компаниясына карата үй салып баштаганга чейин өз убагында чаралар көрүлгөн. Мындан тышкары, пландан сырткары текшерүү жүргүзүлүп, натыйжада курулуш компаниясы «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» мыйзамдын 37, 45-беренелерин жана «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 144-беренесинин 1-бөлүгүн бузуп курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүп жаткандыгы аныкталган», — деп жазылат маалыматта.
Бул иш боюнча протокол түзүлүп, материалдар сотко өткөрүлүп, курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынганы кошумчаланды.