Көк бөрү боюнча өлкө чемпионаты Таласта өтмөй болду

Жаштар жана чоңдор арасында көк бөрү боюнча өлкөнүн чемпионаты Таласта өтөрүн Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

 

Мелдеш 25-30-октябрь күндөрү Талас облусунун Райкан Алканов атындагы ат майданында болот. Чемпионатка республиканын бардык аймактарынан жана Бишкек, Ош шаарынан келген командалар катышат.

 

Чемпионаттын жалпы байге фонду 1 млн сомду түзөт.