Кыргызстанда дыйкан, фермерлерге жеңилдетилген насыя кийинки жылдары да берилет

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргызстандын агроөнөр жай тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап жатып дыйкан, фермерлерге жеңилдетилген насыя кийинки жылдары да берилерин айтканын президенттин маалымат кызматы кабарлады. «Быйыл дыйкандар менен фермерлерге алты пайыздык үстөк менен үч жылга чейин кредиттерди беребиз деп республикалык бюджеттен 26 миллиард… Кененирээк…

Жылан учактын бизнес-класс бөлүмүндө учту

Жылан учактын бизнес-класс бөлүмүндө учту. Окуя АКШда катталды. Күбөлөрдүн айтымында, аба кемеси аэропортко конуп баштаганда, жүргүнчүлөр кыйкырып, буттарын өйдө көтөрүп баштаган.   Борт коштоочулар жыланды кармап, андан кийин сыртка кое берди. Ал кантип учакка кирип кеткени белгисиз.

Чет мамлекетке чыгууну пландап жаткан жарандар сот аткаруучулар линиясы боюнча карызы жок экенин текшерип алышы керек

Чет мамлекетке чыгууну пландап жаткан жарандар сот аткаруучулар линиясы боюнча карызы жок экенин текшерип алышы керек. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, муну “Түндүк” электрондук кызматтар порталынан жасаса болот.   Ведомстводон белгилешкендей, береселерди өз учурунда төлөбөй коюу көптөгөн маселелерди жаратат.   Алсак, мүлк камакка алынып, өлкөдөн чыгууга… Кененирээк…

Кыргызстанга сасык тумоодон вакцина ушул айдын аягында алынып келет

Кыргызстанга сасык тумоодон вакцина ушул айдын аягында алынып келет. Бул тууралуу 24 агенттигине Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпидем көзөмөл борборунан билдиришти.   Күтүлгөндөй, өлкөгө жалпысынан “Гриппол плюс” препаратынын 80 миң дозасы жеткирилет. Эмдөөнү биринчи кезекте медициналык кызматкерлер, тубаса дарттары барлар, көп ооруган балдар жана… Кененирээк…

Бишкек ЖЭБине 400 миң тонна казакстандык көмүр жеткирилет

Бишкек ЖЭБине 400 миң тонна казакстандык көмүр жеткирилет. Кара отунду жеткирүү боюнча келишим буга чейин жетишилген, — деп маалымдайт “Электр станциялары” компаниясы.   Көмүрдүн биринчи партиясы жылуулук-электр борборуна ушул айда келет деп күтүлүүдө. Калган бөлүк жазга чейин этап менен жеткирилет.

Тажик аскерлеринин куралдуу кол салуусунда жабыркаган Баткен облусунун райондорун калыбына келтирүүгө 8,5 миллиард сомго чейин бөлүнөт

Тажик аскерлеринин куралдуу кол салуусунда жабыркаган Баткен облусунун райондорун калыбына келтирүүгө 8,5 миллиард сомго чейин бөлүнөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жарыялады.   Анын айтымында, каражат үйлөрдү, социалдык объектилерди жана жолдорду курууга багытталып, ошондой эле жабыркаган элге компенсация катары берилет. Чиновник белгилегендей, каза… Кененирээк…

Бишкекте маршруттук таксилер жетишсиз болууда

Бишкекте маршруттук таксилер жетишсиз болууда. Транспорт департаментинин директору Максат Нусувалиев билдиргендей, акыркы бир жарым-эки айда 200гө жакын айдоочу линиядан чыгып кетти. Буга күйүүчү-майлоочу майдын кымбатташы себеп болууда. Чиновник кошумчалагандай, муниципалитеттин маршруткалардын санын көбөйтүү максаты жок. Белгилеп кетсек, ноябрь айынын аягында – декабрдын башында шаарга 120… Кененирээк…

Бишкек ЖЭБине казакстандан көмүр жеткирүү боюнча келишимге кол коюлду

Бишкек жылуулук электр борборуна 400 миң тонна казакстандан көмүр жеткирүү боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу “Электр тармактары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, көмүрдү жеткирүү графиги октябрдан тарта 2023-жылдын жазына чейин эсептелди. Белгилеп кетсек, буга чейин Бишкек ЖЭБине быйыл 1 миллион 500 миң… Кененирээк…

Бишкекте жылуулук берүү сезону азырынча башталбайт

Бишкекте жылуулук берүү сезону азырынча башталбайт. Мэрияда жыйын өтүп, ордо калаада абанын орточо температурасы беш күн катары менен 8 градустан көтөрүлбөсө гана жылуулук берүү чечими кабыл алынды. Жакынкы күндөрү мындай аба ырайы күтүлбөйт. Ошол эле учурда муниципалитет жылуулукту кошууга тиешелүү кызматтар толук даяр экенин белгиледи.

Кыргызстан кышында Түркмөнстан менен Казакстандан электр энергиясын сатып алат

Кыргызстан быйыл 16 миллиарддан ашык кВт саат электр энергиясына муктаж. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди. Анын айтымында, электр энергиясынын 11,5 миллиард кВт/саатын ата мекендик ГЭСтер түзөт, 2 миллиард кВт/сааты Бишкек жылуулук электр борборунан өндүрүлөт. Ошол эле учурда калган 3 миллиард… Кененирээк…