Депутаттар Чыңгыз Айдарбековду комитет төрагалыгынан кетиришти

Жогорку Кеңештин депутаттары Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков кызматтан алынды.
Буга чейин спикер Нурлан Шакиев үч фракция, эки топ Айдарбековго ишеним көрсөтпөй комитет жетекчилигинен артка чакырып алууну сунуштаганын айткан. Бирок талкуу учурунда кээ бир депутаттар фракциялар чечим чыгарбаганын айтышты.
Ал эми Балбак Түлөбаев, Тазабек Икрамов комитетте кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору кароодо туура эмес кадамдар кеткенин айтышты. Алар эгер документтер толук эмес болсо, жыйынды өткөрбөй койсо болмоктугун жүйөө келтиришти.
Ал эми Адахан Мадумаров, Нуржигит Кадырбеков жана Мирлан Самыйкожо ал кынтыксыз иштеп жаткан деп сыпаттады.
Натыйжада Айдарбековго ишеним көрсөтпөө менен комитет төрагалыгынан артка чакыртып алуу сунушу добушка коюлду. Анда 43 депутат макул, 16сы каршы добуш берди. Андан кийин Сүйүн Өмүрзаков чыгып «каршы» добуш бергенин, бирок эмнегедир аныкы «макул» деп көрсөтүп жатканын айтып оңдоп коюуну талап кылды.
Чыңгыз Айдарбеков өзү буга чейин комитеттин жыйынында эч бир регламент бузулбай жатканын айткан. Чек ара боюнча келишимдин долбооруна документтер толук эмес болгону үчүн кол койбой жатканын билдирген. Кийин ал документтердин айрым бөлүгүн алып таанышканда Кемпир-Абад боюнча көп суроо жаралганын белгиледи.