Кыргызстандын жогорку окуу жайларында эми QR-коддун жардамы менен накталай эмес дагы төлөсө болот. Билим берүү министрлиги сыноо иретинде жаңы долбоорду ишке киргизди.
Ал үчүн Мамлекеттик техникалык университет тандалып алынган. Система 3 ай сыноодон өтөт, андан кийин башка жогорку окуу жайларга дагы киргизилет. Жаңычылдык каражатты кабыл алуу жана жүгүртүүдө ачыктыкты алып келип, убакытты үнөмдөөгө жардам берет.