Энергокомпанияларга авариялык өчүрүүлөрдү алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди. Улуттук энергохолдингдин башчысы Таалайбек Байгазиевдин айтымында, күзгү-кышкы сезонго даярдык иштери өз учурунда аякташы керек.
Андан тышкары, колдонулган каражаттын анализи жүргүзүлүп, аткарылган жумуштардын сапаты текшерилет. Кандайдыр бир бузуулар аныкталса, компаниялардын жетекчилигине карата чаралар көрүлөт.