АКШда жаака чабуу боюнча лига жаралды

АКШда жаака чабуу боюнча лига жаралды. Спорттун бул түрү жакында эле пайда болуп, аны Невада штатынын атлетикалык комиссиясы жактырды. Соңку жылдары жаакка чабуу боюнча мелдештер Америкада популярдуу болуп жатат.

 

Аларда катышуучулар жөн гана бирин бири жаакка чабат. Лига алдындагы турнир Лас-Вегаста өтөт. Алгачкы чемпионат ушул жылы болот деп күтүлүүдө.