Чек ара: Үйлөрү өрттөнгөндөргө 87,4 млн сом кенемте төлөндү

Баткенде үйлөрү өрттөнгөндөргө кенемте төлөп берүүгө дээрлик 88  миллион сом жумшалды. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ведомствонун маалыматына ылайык, Баткен облусунда жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 328 миллион 360 миң сом чогулган. Учурда анда 245 миллион 834 миң сомдой калды.

Бишкектин айрым райондорунда эки күнгө газ өчүрүлөт

Бишкек шаарынын айрым райондорунда 24-26-октябрь аралыгында жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, газ берүү Пригородное айылынын Юбилейная көчөсүндө жайгашкан орто жана төмөн басымдагы газ өткөргүчтөрдү кайрадан кошуу иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токтотулат. Ошентип, Мыскал, Чоң-Чүй каналы, Новая жана Республика көчөлөрүнүн кесилишкен… Кененирээк…

Франция курамасынын чабуулчусу Килиан Мбаппе тарыхтагы эң кирешелүү спортчу болду

Франция курамасынын чабуулчусу Килиан Мбаппе тарыхтагы эң кирешелүү спортчу болду. Бул анын “ПСЖ” менен келишимди узартканына байланыштуу мүмкүн болду.   Париждик клуб форвард менен 2 жылга келишим түздү.   Ага ылайык, жаш футболчу 630 миллион евро табат. Буга чейинки рекорд аргентиналык Лионель Мессиге таандык болчу,… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунда жаңы мектеп пайда болот

Жалал-Абад облусунда жаңы мектеп пайда болот. Аймактык капиталдык курулуш башкармалыгы курулуш иштерине тендер жарыялады. 225 окуучуга чакталган мектеп Аксы районунун Мундуз айылында курулат.   Долбоордун сметалык баасы дээрлик 96 миллион сомду түзөт. Аткаруучу компаниялардан арыздар   4-ноябрга чейин кабыл алынат.

“Сосновка” түйүнүндө жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөөлөр алынды

“Сосновка” түйүнүндө жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөөлөр алынды. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, жолчулар трассаны кардан тазалап, инерттүү материал себилип жатат.   Эске салсак, кечээ кечинде аба-ырайынын катаал шарттарынан улам жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилген.

Бишкек ЖЭБи жылуулук сезонун баштоого даяр

Бишкек ЖЭБи жылуулук сезонун баштоого даяр. “Электр станциялар” компаниясынан билдиришкендей, шаар тургундарына жана социалдык объектилерге жылуулук берүү боюнча чечимди мэрия кабыл алат.   Белгилеп кетсек, адатта ордо калаада жылуулук сыртта аба ырайы 5 күн катары менен +8 градустан көтөрүлбөгөн учурда берилип баштайт. Өткөн жылы жылуулук… Кененирээк…

Нарында жаңы мектеп пайда болот

Нарында жаңы мектеп пайда болот. Облустук капиталдык курулуш башкармалыгы 375 орундуу мектептин курулушуна тендер жарыялады. Билим берүү мекемеси Кочкор районунун Ак-Кайың айылында курулат.   Долбоордун сметалык баасы 126 миллион 582 миң сомду түзөт. Арыздар 4-ноябрга чейин кабыл алынууда.

Кара-Балта шаарында жаңы бала бакча ачылды

Кара-Балта шаарында жаңы бала бакча ачылды. Мектепке чейинки билим  белүү мекемеси 480 бөбөккө чакталган.   Учурда анда балдарды кабыл алуу жүрүп жатат. 1983-жылы курулуп, кийин жеке мектептин балансына өтүп, кайра кайтарылган имараттын капиталдык оңдоп-түзөө иштерине жалпысынан 35 миллион сом багытталды.

Ош шаарында таза суу үчүн тариф 30 пайызга кымбаттайт

Ош шаарында таза суу үчүн тариф 30 пайызга кымбаттайт. Шаардык кеңеш депутаттары “Таза суу жана канализация үчүн тарифтерди өзгөртүү жөнүндө” токтом долбоорун кабыл алды.   Ага ылайык, таза суунун бир кубометри үчүн жергиликтүү калк эми 6 сом 88 тыйындан, канализация агындыларын тазалоого 4 сом 20… Кененирээк…

Жолчулар Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашууларында нөөмөт жүргүзүүдө

Жолчулар Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашууларында нөөмөт жүргүзүүдө. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, атайын техника тартылып, трасса кардан тазаланып жатат.   Ошондой эле, инерттүү материал себилүүдө. Алыскы сапарга чыга турган айдоочулар сөзсүз түрдө дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, унаасынын техникалык абалын текшерип, жол эрежелерин сактап жүрүшү… Кененирээк…