Франция курамасынын чабуулчусу Килиан Мбаппе тарыхтагы эң кирешелүү спортчу болду. Бул анын “ПСЖ” менен келишимди узартканына байланыштуу мүмкүн болду.
Париждик клуб форвард менен 2 жылга келишим түздү.
Ага ылайык, жаш футболчу 630 миллион евро табат. Буга чейинки рекорд аргентиналык Лионель Мессиге таандык болчу, ал 2017-жылы “Барселона” менен 555 миллион еврого келишим түзгөн.