Carcheck сервисиндеги маалыматтын бир бөлүгү акылуу болот

Carcheck сервисиндеги маалыматтын бир бөлүгү акылуу болот. Буйруктун долбоорун “Унаа” мамлекеттик ишканасы жарыялады. Андан түшүндүрүшкөндөй, сервис маалымат базасын жаңыртууга жана техникалык колдоого муктаж.   Андыктан, унаанын рулунун жайгашуусу жөнүндө, транспорттун арестте же күрөөдө бар-жоктугу жана транспортко ээлик кылуу мезгили жөнүндө маалымат үчүн акча төлөш керек… Кененирээк…

Баткенде соңку жаңжалда жабыркагандардын документтерин калыбына келтирүү уланууда

Баткенде соңку жаңжалда жабыркагандардын документтерин калыбына келтирүү уланууда. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата 600дөн ашык арыз кабыл алынды.   Негизги иштер Баткен жана Лейлек райондорунда жүрүп жатат. Жеринде бир нече көчмө топтор менен адистер иштөөдө. Эске салсак, ведомство жабыркагандардын документтерин акысыз калыбына… Кененирээк…

Ошто күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош облусунда жер титирөө катталды, — деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматынан.   КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 23-октябрда саат 21:24тө Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен. Жер титирөө Өзгөн районунун Өзгөн шаарында, Шераалы, Чимбай, Мырза-Арык, Куршаб айылдарында — 3… Кененирээк…

Россияда ок-дары заводунда чыккан өрттөн үч адам көз жумду

Россиянын Пермь шаарындагы ок-дары жасаган заводдо өрт чыгып, цехте иштеген үч киши каза болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыкты. Кырсык 22-октябрдан 23-октябрга караган түнү катталган. Жабыркагандардын саны белгисиз.   Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрткө байланыштуу маалымат тараткан эмес. Айрым басылмалар жазгандай, заводго жакын жашаган… Кененирээк…

Чыңгыз Айдарбеков КР атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангынан ажыратылды

КР президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Айдарбеков Чыңгыз Азаматович КР атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангынан ажыратылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.   Бул чечим Айдарбеков Кыргыз Республикасынын жакынкы бир катар чет өлкөлөрдөгү чет өлкө мекемелеринин (элчиликтердин) кызматкери кезинде дипломат… Кененирээк…

Дүйнө кубогуна бара турган балбандардын тизмеси

Азербайжандагы дүйнө кубогуна бара турган грек-рим күрөшү боюнча курама команданын тизмеси аныкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады. Мелдеш 3-7-ноябрь күндөрү Баку шаарында болмокчу. Мелдешке өлкө атынан 10 спортчу катышмакчы. Балбандардын тизмеси: Улан Муратбек уулу — 55 кг; Абдуллаев Нурмухаммед — 60 кг;… Кененирээк…

Иркутск шаарында аскердик учак эки кабаттуу үйдүн үстүнө кыйрап түштү

Россиянын Иркутск шаарында аскердик учак эки кабаттуу үйдүн үстүнө кыйрап түштү. Орус бийлигинин маалыматына ылайык, 23-октябрдагы бул окуядан учактын эки пилоту тең мерт болду. «Жайкын тургундар арасында жабырлануучулар жок», — деп билдирди Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги. Бийлик Су-30 аскердик учагы машыгуу маалында кырсыкка учураганын билдирүүдө.… Кененирээк…

Ондон ашык саясатчы, активист 48 саатка камалганы кабарланууда

Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын маалыматына караганда, саясатчылар Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Жеңиш Молдакматов, Равшан Жээнбеков, активисттер Эрлан Бекчоро, Али Шабдан, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Гулнара Журабаева, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Атай Бейшенбек, Рита Карасартова 48 саатка кармалды.   23-октябрда Бишкекте жыйырмага жакыноппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында… Кененирээк…

Корея Кыргызстанга 4 тез жардам унаасын жана медициналык атайын жабдууларды тапшырды

Корея Кыргызстанга 4 тез жардам унаасын жана медициналык атайын жабдууларды тапшырды.   Аталган өлкөдөгү элчи Аида Исмаилова билдиргендей, атайын унааларды эки өлкөнүн Өрткө каршы улуттук агенттигинин ортосундагы макулдашуунун негизинде Кёнгидо провинциясынын Өрткө каршы күрөшүү кызматы берген.

Ош шаарында директорлорду тандоо боюнча сынактын экинчи айлампасында  16 талапкер босого баллдан өттү

Ош шаарында директорлорду тандоо боюнча сынактын экинчи айлампасында 16 талапкер босого баллдан өттү. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин алдындагы Билим берүүнүн сапатын баалоо улуттук борборунан билдиришти.   Калаада сегиз директордун орду бош. Тестирлөөдөн өткөн талапкерлердин эң көп балл алганы кызматка дайындалат.   Калганы резервге киргизилет.… Кененирээк…