“Сосновка” түйүнүндө жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөөлөр алынды. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, жолчулар трассаны кардан тазалап, инерттүү материал себилип жатат.
Эске салсак, кечээ кечинде аба-ырайынын катаал шарттарынан улам жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилген.