Чек ара: Үйлөрү өрттөнгөндөргө 87,4 млн сом кенемте төлөндү

Баткенде үйлөрү өрттөнгөндөргө кенемте төлөп берүүгө дээрлик 88  миллион сом жумшалды.

Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Баткен облусунда жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 328 миллион 360 миң сом чогулган.

Учурда анда 245 миллион 834 миң сомдой калды.