Иркутск шаарында аскердик учак эки кабаттуу үйдүн үстүнө кыйрап түштү

Россиянын Иркутск шаарында аскердик учак эки кабаттуу үйдүн үстүнө кыйрап түштү. Орус бийлигинин маалыматына ылайык, 23-октябрдагы бул окуядан учактын эки пилоту тең мерт болду.

«Жайкын тургундар арасында жабырлануучулар жок», — деп билдирди Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

Бийлик Су-30 аскердик учагы машыгуу маалында кырсыкка учураганын билдирүүдө. Бирок учактын кыйрашына так эмне себеп болгону айтыла элек.

Иркутск облусунун губернатору Игорь Кобзев жарыялаган видеодон эки кабаттуу үй өрттөнүп жатканын көрүүгө болот.

Бир нече күн мурда Россиянын Краснодар крайындагы Ейск шаарында турак жайга Су-34 аскердик учагы кулап түшкөн. Андан 15 киши каза таап, 19у жаракат алган.

Иркутск шаарындагы соңку окуя боюнча Россиянын Тергөө комитети кылмыш ишин козгогону белгилүү болду.