Баткенде соңку жаңжалда жабыркагандардын документтерин калыбына келтирүү уланууда

Баткенде соңку жаңжалда жабыркагандардын документтерин калыбына келтирүү уланууда. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата 600дөн ашык арыз кабыл алынды.

 

Негизги иштер Баткен жана Лейлек райондорунда жүрүп жатат. Жеринде бир нече көчмө топтор менен адистер иштөөдө. Эске салсак, ведомство жабыркагандардын документтерин акысыз калыбына келтирет.