Ондон ашык саясатчы, активист 48 саатка камалганы кабарланууда

Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын маалыматына караганда, саясатчылар Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Жеңиш Молдакматов, Равшан Жээнбеков, активисттер Эрлан Бекчоро, Али Шабдан, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Гулнара Журабаева, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Атай Бейшенбек, Рита Карасартова 48 саатка кармалды.

 

23-октябрда Бишкекте жыйырмага жакыноппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган. Абдирасулова алардын жакындары, адвокаттары менен такай байланышта болууда.

 

Социалдык тармактарда журналист Айданбек Акмат уулу, саясатчы Канат Исаев, Азимбек Бекназаров, активист Айбек Бусурманкулов милицияда сурак берип жатканы кабарланууда. Бирок бул маалымат расмий ырастала элек. Журналист Канышай Мамыркулова милицияга сурак берип чыккан.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат. Милиция атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө айрым жарандардын массалык башаламандык уюштурууга, бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынганын билдирүүдө. ИИМ кылмышка шектүүлөрдүн жашаган үйлөрү тинтилип, Жазык процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармоо иштери жүрүп жатканын маалымдады.

22-октябрда бир катар саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзүшкөнүн жарыялаган. Анын алдында Ош облусунун Өзгөн районунда жөө жүрүш өттү.

 

22-октябрда президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, анда кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча түшүндүрмө берген. Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы маселелерге кеңири токтолуп, чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирген. Президент келишимдер Жогорку Кеңеште ачык караларын айтып, андан кийин элдин 99% келишимди колдой турганына ишенерин билдирди. Мамлекет башчы жөө жүрүш, митингдерди кимдер атайын уюштуруп жатканын билерин белгилеген.