Ошто күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош облусунда жер титирөө катталды, — деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматынан.

 

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 23-октябрда саат 21:24тө Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Өзгөн районунун Өзгөн шаарында, Шераалы, Чимбай, Мырза-Арык, Куршаб айылдарында — 3 балл, Тогой, Шоро-Башат, Красный-Маяк, Социализм, Бакмал, Мырза-Аке айылдарында — 2,5 баллга чейин сезилген.

 

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.