Кытай Баткендин тургундарына 100 миң долларлык гуманитардык жардам көрсөтөт

Кытай Баткендин тургундарына 100 миң долларлык гуманитардык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров менен аталган мамлекеттин Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэньдин жолугушуусунда белгилүү болду. Тараптар ошондой эле Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван Инин Кыргызстанга болгон сапарынын жыйынтыгы боюнча… Кененирээк…

АКШнын биринчи басылып чыккан Конституциясы аукциондо сатылат

АКШнын биринчи басылып чыккан Конституциясы аукциондо сатылат. Ал 1787-жылы 17-сентябрда Филадельфияда кабыл алынган. Бул эксперттер анык деп тааныган Конституциянын расмий редакциясы. Жалпысынан 13 үлгүсү бар. Алардын экөө гана жеке коллекционерлерде. Калганы өкмөткө жана уюмдарга тиешелүү. Аукцион декабрь айынын ортосунда өтөт. Лоттун баштапкы баасы 30 миллион… Кененирээк…

Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө күчүндө

Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө күчүндө. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына караганда, мындай чара начар аба-ырайына байланыштуу. Чектөөлөр абал жакшырганга чейин күчүндө болот. Ал эми жеңил унаалар ээн-эркин өтө алышат, бирок айдоочулар бардык жол эрежелерин так сакташы керек.  

Бүгүнтөн тарта Дубайдан Ошко кошумча авиакаттамдар ачылат

Бүгүнтөн тарта Дубайдан Ошко кошумча авиакаттамдар ачылат. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, учактар дүйшөмбү, шейшемби, бейшемби жана жума күндөрү учат. Андан тышкары, Бириккен Араб эмирлиги Кыргызстанды сунушталган туристтик багыттар тизмесине киргизүүнү пландап жатат Бул кийинки жайкы сезондо Дубайдан Тамчыга түз аба каттамдарын ачууга мүмкүнчүлүк берет.

Бүгүн ордо калаанын Ак-Босого жаңы конушунда таза суу жок болот

Бүгүн ордо калаанын Ак-Босого жаңы конушунда таза суу жок болот. “Бишкексууканалдан” билдиришкендей, эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин өчүрүүлөр күтүлүүдө. Суу турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, ооруканаларда жана башка объектилерде болбойт. Мындай чектөө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.

Ташиев Түркиядан «Аксунгур» учкучсуз жабдуусу алынганын билдирди

Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев Кыргызстан Түркиядан «Аксунгур» учкучсуз аппаратын алганын билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасына «Эми «Аксунгур» да биздики» деп жазды жана дрондун макетин кармап түшкөн сүрөттөрүн жарыялады. Атайын кызмат канча даана «Аксунгур» канча каражатка алынганы тууралуу азырынча маалымат бере элек. Өткөн айда Ташиев… Кененирээк…

Кыргызстанда COVID-19га антителолордун бар-жогун изилдөөнүн 3-баскычы жүрүүдө

Кыргызстанда COVID-19га антителолордун бар-жогун изилдөөнүн 3-баскычы жүрүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, министрликтин 2022-жылы 10-октябрдагы №1199 “КР калкынын арасында COVID-19га карата калктын иммунитетин баалоо боюнча изилдөөнүн үчүнчү этабын өткөрүү жөнүндө” жана Россия Федерациясынын Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адамдын жыргалчылыгын көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматы… Кененирээк…