Кытай Баткендин тургундарына 100 миң долларлык гуманитардык жардам көрсөтөт

Кытай Баткендин тургундарына 100 миң долларлык гуманитардык жардам көрсөтөт.

Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров менен аталган мамлекеттин Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэньдин жолугушуусунда белгилүү болду.

Тараптар ошондой эле Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван Инин Кыргызстанга болгон сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды иш жүзүнө ашыруу маселелерин талкуулашты, — деп айтылат тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта.