Бүгүн ордо калаанын Ак-Босого жаңы конушунда таза суу жок болот

Бүгүн ордо калаанын Ак-Босого жаңы конушунда таза суу жок болот.

“Бишкексууканалдан” билдиришкендей, эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин өчүрүүлөр күтүлүүдө.

Суу турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, ооруканаларда жана башка объектилерде болбойт.

Мындай чектөө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.