Ташиев Түркиядан «Аксунгур» учкучсуз жабдуусу алынганын билдирди

Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев Кыргызстан Түркиядан «Аксунгур» учкучсуз аппаратын алганын билдирди.

Ал Фейсбуктагы баракчасына «Эми «Аксунгур» да биздики» деп жазды жана дрондун макетин кармап түшкөн сүрөттөрүн жарыялады.

Атайын кызмат канча даана «Аксунгур» канча каражатка алынганы тууралуу азырынча маалымат бере элек.

Өткөн айда Ташиев Фейсбуктагы баракчасына «Байрактар» учкучсуз аппараттарынын «Акынжы» деп аталган түрүнүн жанына түшкөн сүрөтүн жарыялаган жана анын алдына «Акынжы» биздики! Боордош элибизге ыраазычылык! 12.10.22″, -деп жазган. Анда дагы буга байланыштуу кеңири маалымат берилген эмес.