Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр орун алды
Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр орун алды. Олег Попиков вице-мэр кызматынан бошотулду. Муниципалитет маалыматына ылайык, турак-жай коммуналдык чарбачылык боюнча вице-мэр болуп Жыргалбек Шамыралиев дайындалды. Ал мэрдин кеңешчиси болуп иштеп келген. Тиешелүү буйрукка ордо калаа жетекчиси Эмилбек Абдыкадыров кол койду.