Марадона колу менен гол киргизген топ 2,3 млн еврого сатылды

Аргентиналык футболчу Диего Марадона 1986-жылы Англия менен болгон дүйнөлүк чемпионаттын чейрек финалдык беттешинде гандболдо колдонгон топ аукциондо 2,3 миллион еврого сатылганын The Guardian басылмасы жазып чыкты.

Бул гол кийин «Кудайдын колу» деп аталган.

Топтун баштапкы баасы 570 миң евро болгон.