Кийинки жылы Түркияда эс алуу кымбаттайт.
Мейманканалардагы баалар 30-50 пайызга жогорулайт деп жазды “Интерфакс”.
Бул жогорку суроо-талап, инфляция жана кызматкерлердин айлык акысынын жогорулашына байланыштуу.
Муну менен ишкерлер өсүп жаткан чыгымдардын ордун толтурууга аракет кылууда.
Алсак, азыр эки кишилик бөлмөнүн баасы болжол менен 90 евро болсо, 2023-жылы баа 140 еврого жетиши мүмкүн.
Жай мезгилинде мейманканалар толугу менен брондолгон.
Ушул жылдын аягына чейин Түркияга 50 миллионго чейин чет элдик турист келери күтүлүүдө.