Ошто 4 түйүндө арзандатылган баада көмүр сатылууда. Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, аларда кара отундун бир тоннасы 4 миң 800 сомдон сатылып жатат.
Бир колго 1 тоннадан ашык сатылбайт. Сатуу түйүндөрү Жапалак айыл башкармалыгында жана Туран, Амир-Тимур райондорунда жайгашат.