Кассалык-көзөмөл аппараттардын айрым үлгүлөрүн 31-декабрга чейин гана колдонсо болот

Кассалык-көзөмөл аппараттардын айрым үлгүлөрүн 31-декабрга чейин гана колдонсо болот. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

 

Ведомстводон белгилешкендей, кеп фискалдык модулу жок аппараттар тууралуу болуп жатат. Алар эски үлгүдөн болгондуктан, жаңыланган техникалык талаптарга жооп бербейт.

 

Андыктан, эски үлгүдөгү кассалык-көзөмөл аппараттарын колдонуп келген ишкерлер 1-январдан тарта аларды жаңылашы керек. Болбосо, 23 миң сомго айып салынат.