“Бала-Саруу” ГЭСинин 3 агрегаты тең кийинки жылдын аягында ишке кирет

  “Бала-Саруу” ГЭСинин 3 агрегаты тең кийинки жылдын аягында ишке кирет.   Улуттук энерго холдингдин маалыматына ылайык, биринчи агрегатты жыл аягына чейин кое берүү пландалган.   Бирок курулуштун жүрүшүндө жер алдынан суу чыгып, кыйынчылыктар жаралган. Андыктан, адистер агретаттарды бир учурда 2023-жылы кое берүү чечимин кабыл… Кененирээк…

Акылбек Жапаров Японияга иш сапары менен барды

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 29-ноябрда Японияга иш сапары менен барды. Сапар алкагында өкмөт башчы Борбор Азия инвестициялык форумуна катышат. Бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Бул тууралуу өкмөттүн сайтына жазылды. Япониянын JICA өнүктүрүү борбору Кыргызстанда 1993-жылдан бери иштеп келет. Аталган борбор жакырчылыкты жоюу,… Кененирээк…

Мөөнөтү өтүп кеткен салыктарды төлөөгө бир ай калды

Мөөнөтү өтүп кеткен салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн айыпсыз, санкциясыз жана туумсуз төлөөгө бир ай калды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Мекеме 31-декабрга чейин карыздын негизги суммасын төлөгөндөрдүн 50 пайыз туум жана айып пулу кечилерин эскертет. Жарандар бардык суроолор боюнча катталган жериндеги салык органына кайрылса… Кененирээк…

Футбол боюнча дүйнө чемпионатында биринчи жолу аял калыстык кылат

Франциялык Стефани Фраппар футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта башкы калыс болуп иштеген биринчи аял болот. Ал Германия менен Коста-Рика курама командаларынын ортосундагы чемпионаттын тайпалык баскычынын 3-турунун оюнуна дайындалды. Команданын жолугушуусу эртең, 1-декабрда өтөт. Фраппарга саптык калыстар – мексикалык Карен Диас жана бразилиялык Нейза Бэк жардам беришет.… Кененирээк…

Ушул күндөрү жолдордо өтө этият болуу сунушталат

Ушул күндөрү жолдордо өтө этият болуу сунушталат. Өзгөчө тоолуу аймактардагы трассаларда сак болуу зарыл, — деп эскертет Өзгөчө кырдаалдар министрлиги. Жааган кардын айынан жолдордо көрүү начарлайт. Кээ бир жерлерде муз тоңот. Айдоочуларга унааны этият башкарып, ылдамдыкты жогорулатпоо жана машинелер ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо сунушталат.

Кыргызстанда каржы пирамидаларын жарнамалагандарды жазалоо сунушталды

Кыргызстанда каржы пирамидаларын жарнамалагандарды жазалоо сунушталды. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды. Документте жарандардын басымдуу бөлүгү экономикалык жана юридикалык билими жок, жарнакты көргөндөн кийин аманаттарын каржы пирамидаларына салып жатканы айтылат. Пирамидалык схемаларды үгүттөгөндөргө эки миллион сом айып пул салуу же беш жылга чейин эркинен ажыратуу… Кененирээк…

Бишкекти жаңы жылга карата жасалгалоо башталды

Бишкекти жаңы жылга карата жасалгалоо башталды. Шаар жаңы жылга 15-декабрга чейин толугу менен даяр болот. Ага чейин дээрлик бардык мамлекеттик имараттарда карагайлар орнотулуп, плакаттар илинет. Майрамдык жарыктар бир аз кечирээк — 20-декабрга чейин жандырылат. Бийиктиги 25 метр болгон башкы балаты быйыл борбордук Ала-Тоо аянтынын түштүк… Кененирээк…

Омар Султанов Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Женева шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы жана эл аралык башка уюмдардагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү Султанов Омар Абдыразакович Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Таиландда буддист монахтар баңгизатка каршы тесттен өтпөй калышты

Таиланддагы буддист храмынын монахтары наркотикалык тесттен өтпөй калгандыктан кызматтан убактылуу четтетилди. Окуя Таиланддын Пхетчабун провинциясында болгон. Баңгизатка тест төрт монах, анын ичинде храмдын башчысы үчүн оң жыйынтык көрсөткөн. Натыйжада алардын баары наркологиялык клиникага реабилитацияга жөнөтүлдү. Ал эми жергиликтүү эл мурункудай сыйынуусу үчүн храмга жаңы монахтар… Кененирээк…

Скарлетт Йоханссон биринчи жолу телесериалга тартылат

Голливуд актрисасы Скарлетт Йоханссон жазуучу Джон Катценбахтын «Адилеттик үчүн»  романынын негизинде тартылган мини-сериалда башкы ролду ойнойт. Актриса үчүн бул долбоор телевидениеде алгачкы кадам болуп саналат. Йоханссон ошондой эле сериалдын аткаруучу продюсерлеринин бири катары кызмат кылат. Окуяда гезит кабарчысы Мэдисон Кауарт кызды өлтүргөн деп өлүм жазасына… Кененирээк…