Мөөнөтү өтүп кеткен салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн айыпсыз, санкциясыз жана туумсуз төлөөгө бир ай калды.
Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Мекеме 31-декабрга чейин карыздын негизги суммасын төлөгөндөрдүн 50 пайыз туум жана айып пулу кечилерин эскертет.
Жарандар бардык суроолор боюнча катталган жериндеги салык органына кайрылса болот.