Дүйнөнүн эң кымбат шаарлары аталды

Быйыл Нью-Йорк жана Сингапур дүйнөнүн эң кымбат шаарлары аталды. Экинчи орунда Тель-Авив, үчүнчүдө Гонконг турат. Алдыңкы ондукка ошондой эле Лос-Анджелес, Цюрих, Женева, Сан-Франциско, Париж, Копенгаген жана Сидней кирди. Экономисттер дүйнөнүн ири шаарларында бир жылдын ичинде баа орто эсеп менен 8 пайызга кымбаттаганын белгилешүүдө. Бул акыркы… Кененирээк…

Кыргызстанда ири рейд башталды

Кыргызстанда ири рейд башталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын алкагында шаар жана облустар аралык жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген айдоочулар текшерилет. Ордо калаадагы таксилер да көңүл чордонунда калбайт. Рейд республиканын жолдорундагы кырсыктарды алдын алуу иштеринин алкагында уюштурулууда. Текшерүү 8-декабрга чейин уланат.

Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору

Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жаап өткөн жаан-чачын, карга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Мындан улам, унаалар ортосундагы 500… Кененирээк…

Нарында аз камсыз үй-бүлөлөргө 130 тонна көмүр таратылды

Нарында аз камсыз үй-бүлөлөргө 130 тонна көмүр таратылды. Жергиликтүү мэриянын маалыматына караганда кара отун шаардагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана үйүнөн тейленген жалгыз бой карыларга социалдык өнүгүү, эмгек жана миграция башкармалыгынын көзөмөлү астында тапшырылууда. Мындан тышкары, Нарын шаарындагы жардамга муктаж 400 үй бүлөгө жергиликтүү… Кененирээк…

Катар-2022: Марокко 36 жылдан бери биринчи жолу плей-оффко чыкты

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатынын алкагында Марокко курамасы 36 жылдан бери биринчи жолу плей-оффко чыкты. Алар тайпалык этаптын үчүнчү айлампасында Канаданы 2:1 менен жеңип алды. Голдорду жарым коргоочу Хаким Зиеш менен чабуулчу Юссеф Эн-Несери киргизди. Ошентип, марокколуктар жети упайга ээ болуп, F тайпасында… Кененирээк…