Быйыл Нью-Йорк жана Сингапур дүйнөнүн эң кымбат шаарлары аталды.
Экинчи орунда Тель-Авив, үчүнчүдө Гонконг турат.
Алдыңкы ондукка ошондой эле Лос-Анджелес, Цюрих, Женева, Сан-Франциско, Париж, Копенгаген жана Сидней кирди.
Экономисттер дүйнөнүн ири шаарларында бир жылдын ичинде баа орто эсеп менен 8 пайызга кымбаттаганын белгилешүүдө.
Бул акыркы 20 жылдагы эң жогорку көрсөткүч.