Катар-2022: Марокко 36 жылдан бери биринчи жолу плей-оффко чыкты

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатынын алкагында Марокко курамасы 36 жылдан бери биринчи жолу плей-оффко чыкты.

Алар тайпалык этаптын үчүнчү айлампасында Канаданы 2:1 менен жеңип алды.

Голдорду жарым коргоочу Хаким Зиеш менен чабуулчу Юссеф Эн-Несери киргизди.

Ошентип, марокколуктар жети упайга ээ болуп, F тайпасында биринчи орунду ээледи.

Футбол боюнча 20-ноябрда башталган дүйнөлүк чемпионат 18-декабрга чейин уланат.