Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жаап өткөн жаан-чачын, карга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүүcү күтүлөт.
Жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Мындан улам, унаалар ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.