Кыргызстанда ири рейд башталды

Кыргызстанда ири рейд башталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын алкагында шаар жана облустар аралык жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген айдоочулар текшерилет.

Ордо калаадагы таксилер да көңүл чордонунда калбайт.

Рейд республиканын жолдорундагы кырсыктарды алдын алуу иштеринин алкагында уюштурулууда.

Текшерүү 8-декабрга чейин уланат.