Нарында аз камсыз үй-бүлөлөргө 130 тонна көмүр таратылды

Нарында аз камсыз үй-бүлөлөргө 130 тонна көмүр таратылды.

Жергиликтүү мэриянын маалыматына караганда кара отун шаардагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана үйүнөн тейленген жалгыз бой карыларга социалдык өнүгүү, эмгек жана миграция башкармалыгынын көзөмөлү астында тапшырылууда.

Мындан тышкары, Нарын шаарындагы жардамга муктаж 400 үй бүлөгө жергиликтүү бюджеттен 1000 сомдон таратылды.