Валерий Кичин Кыргызстандын 2022-жылдагы мыкты футболчусу деп аталды

Валерий Кичин Кыргызстандын 2022-жылдагы мыкты футболчусу деп аталды.   Кечээ Бишкекте аталган спорт түрүндөгү мыктыларды сыйлоо аземи өттү. Салтанаттуу түрдө сыйлыктар 14 номинация боюнча тапшырылды.   Өлкөнүн мыкты футболчусу наамын улуттук кураманын капитаны Валерий Кичин алды. Андан тышкары, Алимардон Шүкүров жана дарбазачы Эржан Токотаев талапкер… Кененирээк…

Кумтөр боюнча депутаттык комиссия кайра түзүлүүдө

Жогорку Кеңеште Кумтөр маселеси боюнча түзүлгөн комиссиянын курамы кыскарып, ар бир фракциядан жана депутаттык топтордон бирден өкүл гана калды. Мындай чечим комиссия кворум жоктугунан жыйынга чогула албай жатканынан улам кабыл алынганын депутат Арсланбек Малиев билдирди: “Ар бир фракциядан бирден калтырсак. Ошондо комиссия иштегендей болот, кворум… Кененирээк…

The Guardian басылмасы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын башкы фаворитин атады

The Guardian басылмасы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын башкы фаворитин атады. Рейтингдин сап башында Бразилия курамасы жайгашты. Ал эми экинчи орунда Франция футболчулары турат.   Мыктылардын үчилтигин Португалия бекитет. Андан кийин Англия, Аргентина, Нидерланды, Марокко жана Хорватия курамалары жайгашат.   Эске салсак, Катарда өтүп жаткан дүйнө… Кененирээк…

Британиялык адистер Кыргызстанды Евробиримдиктин “кара тизмесинен” чыгуу боюнча жол картасын түзүүгө жардам берет

Британиялык адистер Кыргызстандын учуу коопсуздугу боюнча мамлекеттик программасын жаңыртып, Евробиримдиктин “кара тизмесинен” чыгуу боюнча жол картасын түзүүгө жардам берет.   Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, Улуу Британиянын авиация агенттигинин адистери Кыргызстанга келди. Алар өлкөнүн учуу коопсуздугу боюнча мамлекеттик программасын карап чыгып, аны ICAO стандарттарына… Кененирээк…

Кыргызстан 32 мамлекет менен инвестицияны коргоо боюнча келишимдерге кол койду

Кыргызстан 32 мамлекет менен инвестицияны коргоо боюнча келишимдерге кол койду. Алардын Жогорку Кеңеште ратификацияланышы күтүлүүдө.   Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте өтүп жаткан инвестициялык саммитте билдирди.   Анын айтымында, учурда Кыргызстан 20дан ашык мамлекет менен инвестицияны өз ара колдоо, илгерилетүү жана коргоо… Кененирээк…

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеевдин Кыргызстанга сапары болбой калды

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеевдин Кыргызстанга сапары болбой калды. Анын ордуна Бишкекте өтүүчү ЕАЭБ саммитине коңшу өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов келе турган болду.   Ал эми Өзбекстан президентинин Кыргызстанга мамлекеттик сапары кийинкиге жылдырылды. Эске салсак, буга чейин Мирзиеев биздин өлкөгө 10-декабрда келип, анын сапарынын алкагында бир… Кененирээк…

Конституциялык соттун курамы эки аял судья менен толукталды

Кыргызстандын Конституциялык сотунун курамы эки аял судья менен толукталды. 7-декабрда Жогорку Кеңеш Конституциялык соттун судьяларынын кызмат ордуна Чынара Айдарбекова менен Лунара Жолдошеванын талапкерлигин карап, экөөнү тең колдоду. Шайланган жаңы судья айымдар ант беришти. Конституциялык сот тогуз судьядан турат. Буга чейин анын курамында бир гана аял… Кененирээк…

Ошто жаңы жылдан тарта муздак суу үчүн тариф кымбаттайт

Ошто жаңы жылдан тарта муздак суу үчүн тариф кымбаттайт.   Бул тууралуу “Ош суу каналы”  ишканасынын жетекчисинин орун басары Талант Байкишиев билдирди. Анын айтымында, 1-январдан тарта түштүк калаа тургундары суунун бир кубометри үчүн 5 сом 31 тыйындын ордуна 6 сом 88 тыйындан төлөп калат.  … Кененирээк…

Баткен облусунда кафе жана ресторандарда жаңы жылдык корпоративдерди өткөрүүгө тыюу салынды

Баткен облусунда кафе жана ресторандарда жаңы жылдык корпоративдерди өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу “Турмуш” басылмасына президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.   Анын айтымында, мындай чечим сентябрда кыргыз-тажик чек арасында катталган каргашалуу окуяларга байланыштуу кабыл алынды. Чиновник белгилегендей, тыюу мектептердеги жана бала бакчалардагы… Кененирээк…

Баткендиктерге дээрлик 20 миллион сомго насыялары жоюлду

Баткендиктерге дээрлик 20 миллион сомго насыялары жоюлду. Улуттук банк Баткен, Ош облустарындагы чек ара жаңжалында жабыркагандарга колдоо көрсөтүү токтомун чыгарган. Ага ылайык, каржы-насыя уюмдарына 474 карыз алуучу кайрылган.   Алардын ичинен 19 миллион 974 миң сомдук 298 насыя жоюлуп, 170 насыя реструктуризацияланды. Учурда арыздарды кароо… Кененирээк…