The Guardian басылмасы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын башкы фаворитин атады

The Guardian басылмасы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын башкы фаворитин атады. Рейтингдин сап башында Бразилия курамасы жайгашты. Ал эми экинчи орунда Франция футболчулары турат.

 

Мыктылардын үчилтигин Португалия бекитет. Андан кийин Англия, Аргентина, Нидерланды, Марокко жана Хорватия курамалары жайгашат.

 

Эске салсак, Катарда өтүп жаткан дүйнө биринчилигинин финалы 18-декабрда өтөт. Эртең Бразилия – Хорватия жана Нидерланды – Аргентина беттешип, жарым финалга чыккан алгачкы жуп аныкталат.